Кабыл алуу комиссиясы
Колледж (СПО) бөлүмүнө кабыл алуу: 2026-2027 окуу жылы
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун колледжине тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн төмөнкү кесиптик билим берүү программалары сунушталат:
- 1Адистиги: 160901 «Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо»
Квалификациясы – техник (бюджет, контракт)
Окуу мөөнөтү 11 класстын базасында - 2 жыл 10 ай, 9 класстын базасында - 3 ж. 10 ай - 2Адистиги: 160904 «Электирлештирилген жана пилотаждык- навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо»
Квалификациясы – техник (бюджет, контракт)
Окуу мөөнөтү 11 класстын базасында - 2 ж. 10 ай - 3Адистиги: 160902 «Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу майлар менен тейлөө»
Квалификациясы – техник (бюджет, контракт)
Окуу мөөнөтү: 11 класстын базасында - 2 ж. 10 ай
- 4Адистиги: 160504 «Учуучу аппараттарды учууда эксплуатациялоо»
Квалификациясы – пилот (контракт)
Окуу мөөнөтү 11 класстын базасында - 2 ж. 10 ай - 5Адистиги: ЭУП «Аба транспортундагы логистика уюштуруу жана башкаруу»
Квалификациясы – техник (контракт)
Окуу мөөнөтү 11 класстын базасында - 1 ж. 10 ай - 6Адистиги: 230110 «Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө»
Квалификациясы – техник (контракт)
Окуу мөөнөтү 9 класстын базасында - 2 ж. 10 ай
- 7Адистиги: «Учкучсуз учуучу аппараттарды техникалык эксплуатациялоо»
Квалификациясы – техник (контракт)
Окуу мөөнөтү 9 класстын базасында - 2 ж. 10 ай - 8Адистиги: 280501 «Транспорт коопсуздугу»
Квалификациясы – авиация коопсуздугу боюнча адис (контракт)
Окуу мөөнөтү 9 класстын базасында - 2 ж. 10 ай - 9Адистиги: 080501 «Менеджмент»
Квалификациясы – менеджмент (контракт)
Окуу мөөнөтү 9 класстын базасында - 2 ж. 10 ай
Кошумча талаптар:
«Пилот» адистиги үчүн абитуриенттер институттун медициналык кызматкерине кайрылып, Дарыгердик учуу эксперт комиссиясына (ДУЭК) багыттама алуулары керек.
ДУЭК медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүп, тандалган адистикке профессионалдык жана психологиялык жарамдуулугун баалайт.
Керектүү документтер тизмеси:
- 1 : Негизги жалпы билими тууралуу документ (9-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк) же жалпы билими тууралуу документ (аттестат)
(түп нускасы); - 2 : ЖРТ сертификаты (11‑классты бүткөндөр үчүн);
- 3 : 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
- 4 : Паспортунун көчүрмөсү;
- 5 : Аскердик каттоо күбөлүгү/ билет (уландар үчүн).
КАИ-ге ОКБББ(колледж) баргыңыз келеби?
Учурдагы жылы орто кесиптик билим программаларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу автоматташкан маалыматтык система «Абитуриент Online» аркылуу жүргүзүлөт.
Көбүрөөк маалымат үчүн:
Кабыл алуу комиссиясынын телефону: +996 (312) 41 80 45
Электрондук почта: avia@kai.kg