Шрифттин өлчөмү

Сайттын түсү

Сүрөт

Кепти синтездөө

Орнотуулар

кабыл алуу комиссиясы
Кабыл алуу комиссиясы: 2026‑2027 окуу жылы УРМАТТУУ АБИТУРИЕНТТЕР, СИЗДЕРДИ И. АБДРАИМОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ АВИАЦИЯЛЫК ИНСТИТУТУНА ЧАКЫРАБЫЗ!

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун негизги артыкчылыктуу милдеттеринин бири — Кыргызстандын жана эл аралык авиация тармагынын талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат.

Окуу жайын тандоо — ар бир жаш адамдын келечектеги кесиптик багытын аныктаган жоопкерчиликтүү кадам. Биздин институт сапаттуу билим алууга, кесиптик калыптанууга жана инсандык өнүгүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Окуу процесси заманбап мультимедиялык жабдуулар, авиациялык тренажёрлор, аба кемелеринин агрегаттары жана авиациялык кыймылдаткычтар менен жабдылган окуу корпустарында, адистештирилген лабораторияларда жана компьютердик класстарда жүргүзүлөт. Студенттердин практикалык даярдыгы окуу аэродромунда, окуу полигонунда жана чыныгы авиациялык техниканын базасында өткөрүлөт.

Бүгүнкү күндө институт санариптик технологияларды активдүү киргизип, илимий-изилдоо иштерин, эл аралык кызматташтыкты жана заманбап билим берүү программаларын өнүктүрүүдө. Авиация тармагынын эл аралык талаптарына жооп берген адистерди даярдоого жана практикага багытталган окутууга өзгөчө көңүл бурулат.

Биз Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн авиациялык мекемелеринде ийгиликтүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз. Алардын кесиптик жетишкендиктери институттагы билим берүүнүн жогорку сапатынын далили болуп саналат.

Институттагы студенттик жашоо — бул билим алуу менен катар илимий, чыгармачылык, спорттук жана коомдук иш-чараларга активдүү катышуу мүмкүнчүлүгү.

Бүгүн биз студенттер менен бирге ата мекендик авиациянын келечегин калыптандырып, ийгиликтүү кесиптик өсүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачуудабыз.

Документтер

КАИ кабыл алуучу планы ББЖ үчүн(бакалавр)
КАИ кабыл алуучу планы ОКБББ үчүн(колледж)
КАИ кабыл алуу комиссиясынын иш планы 
ББЖ кабыл алуу тартиби(бакалавр)
ОКБББ кабыл алуу тартиби(колледж)
Кабыл алуу комиссиясы жөнүндө ЖОБО
Аттестация комиссиясы жөнүндө ЖОБО
Апелляция комиссиясы жөнүндө ЖОБО