Шрифттин өлчөмү

Сайттын түсү

Сүрөт

Кепти синтездөө

Орнотуулар

Жалпы маалымат
1623742152
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун Окумуштуулар кеңеши университеттин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу жогорку шайланган өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.

Окумуштуулар кеңеши жөнүндөгү жобо

Окумуштуулар кеңешинин максаты

  • 1иштин учурдагы жана келечектеги багыттарын аныктоо;
  • 2адистерди даярдоодо жетекчиликтин, илимий-педагогикалык кадрлардын жана окуу-көмөкчү персоналдын күч-аракеттерин бириктирүү;
  • 3окуу, окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана тарбиялоо иштерин координациялоо.

Окумуштуулар кеңешинин ыйгарым укуктары

  • 1Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карайт;
  • 2өнүктүрүүнүн стратегиясын жана концепциясын аныктайт;
  • 3ички тартиптик жана башка жергиликтүү актыларды карайт;
  • 4уюштуруу түзүмүн өзгөртүү маселелерин чечет; түзүмдүк бөлүмдүн кеңешин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартибин, курамын жана ыйгарым укуктарын бекитет;
  • 5директорду шайлоонун мөөнөттөрүн жана тартибин, директорлук кызматка талапкерлерди көрсөтүү тартибин жана талаптарды аныктайт;
  • 6профессордук-окутуучулук курамдын, кафедра башчыларынын жана башка окуу жана илимий бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызматтары үчүн конкурстук шайлоолорду өткөрүү боюнча отчетторду карайт жана угат;
  • 7директордун орун басарларынын жана кафедра башчыларынын кызмат мөөнөтүн узартуу боюнча директорго сунуш киргизүү тууралуу чечим кабыл алат;
  • 8илимий-педагогикалык кадрларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү жана наамдарды ыйгаруу маселелерин карайт;
  • 9студенттерге жана аспиранттарга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилген стипендияларды жана мамлекеттик стипендияларды дайындоо боюнча чечимдерди кабыл алат;
  • 10колдонуп жаткан мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык квалификациялык мүнөздөмөлөрдү, жумушчу окуу пландарын жана окуу процессинин графиктерин, тандалма дисциплиналардын тизмесин бекитет; окуу дисциплиналарынын программаларын, аспиранттар, докторанттар жана талапкерлер үчүн жеке окуу пландарын бекитүү тартибин жана мастерлердин жеке даярдоо пландарын жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө тартибин аныктайт;
  • 11окуу процессин уюштуруу жана оптималдаштыруу, окууда эффективдүү жана инновациялык технологияларды киргизүү маселелерин карайт;
  • 12студенттердин окуудагы жетишкендиктерин көзөмөлдөө жана аралык аттестацияны өткөрүү тууралуу жоболорду бекитет;
  • 13лицензиялоого сунушталган негизги жана кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча окутууну уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн карайт;
  • 14ишмердүүлүктү комплекстүү баалоого, билим берүү программаларынын лицензиясына жана аккредитациясына даярдык көрүүнү жана билим берүү ишинин лицензияга жана Уставга ылайыктыгын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
  • 15жыл сайын абитуриенттерди кабыл алуу эрежелерин бекитет жана кабыл алуу комиссиясынын ишинин отчётун жыл сайын карайт;
  • 16тематикалык пландарды түзүү жана илимий-изилдөө отчеттору боюнча жоболорду бекитет;
  • 17илимий жана окуу бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун баалап, алардын өнүгүшүнүн максатка ылайыктуулугу боюнча чечимдерди чыгарат;
  • 18илимий-педагогикалык кызматкерлердин, аспиранттардын, докторанттардын жана илимий даражага талапкерлердин иштерин карап, диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген кеңештерге сунуштарды берет;
  • 19окуу, илимий жана чарбалык ишти уюштуруунун негизги маселелери боюнча жылдык отчетторду угат;
  • 20илимий-изилдөөлөрдүн жана практикалык иштердин негизги багыттарын жана финансылык-эмгек ресурстарынын бөлүнүшүн аныктайт;
  • 21мүлктү жана жер участокторун ижарага берүүгө макулдук берет;
  • 22Камкорчулар кеңешин жана башка кеңештерди түзүүнүн жана иштетүүнүн тартибин, алардын курамын жана ыйгарым укуктарын бекитет;
  • 23окуу китептерин, окуу куралдарын жана монографияларды даярдоо жана басып чыгаруу иштерин карайт;
  • 24окуу планын бекитет;
  • 25символиканы (реквизиттерди) бекитет;
  • 26Авиаинституттун ишине тиешелүү башка маселелерди карайт.

Кеңештин курамы

Окумуштуулар кеңешинин курамына директор (төмөндө анын төрагасы катары көрсөтүлгөн), директордун орун басарлары жана Авиаинституттун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет.