Положение «О Педагогическом Совете»
Максаттар
- 1билим берүү, тарбия жана социалдык процессстерди башкаруу,
- 2билим берүүнүн мазмунун өнүктүрүү,
- 3кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу,
- 4окутуунун сапатын жогорулатуу,
- 5Авиация институтунун методикалык иштерин өркүндөтүү,
- 6орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучуларынын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
Нормативдик база
Ишмердүүлүктө Педагогикалык кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Аба кодекси», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 03.02.2004 ж. №53 токтому менен бекитилген «Орто кесиптик билим берүү уюму жөнүндө жобо», Кыргыз Республикасынын «Авиациялык эрежелери», Авиация институтунун Уставы жана орто кесиптик билим берүү боюнча башка нормативдик-укуктук документтерге таянат.
Иштин негизги багыттары
- 1Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн өнүгүү концепциясын кароо жана талкуулоо.
- 2Билим берүү процессин уюштуруунун негизги мүнөздөмөлөрүн аныктоо:
- студенттерди кабыл алуу процедуралары;
- студенттерди окуудан чыгаруунун тартиби жана негиздери;
- экзамендик сессияга студенттерди киргизүү тартиби;
- аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияларды өткөрүүнүн формалары, тартиби жана шарттары;
- аралык аттестациядагы баалоо системалары;
- окуу режимдери;
- ички тартип эрежелери;
- акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү, алардын уюштурулушу жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу тартиби;
- бөлүм менен студенттер ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу тартиби;
- билим берүү, тарбия жана социалдык иштерге байланышкан башка маселелер.
- 3Окуу-тарбиялык жана методикалык иштердин пландарынын кароосу жана талкууланышы.
- 4Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандартын ишке ашырууга байланыштуу абалды жана чараларды кароо.
- 5Окуу иштеринин абалы жана жыйынтыктары боюнча карап чыгуу, аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыктары, аларды өткөрүүгө даярдоо чаралары жана студенттердин кетиш себептери менен аларды жоюу чаралары.
- 6Тарбиялык иштердин абалы жана жыйынтыктары, студенттердин тартиби, класс жетекчилеринин отчетторун угуу.
Курамы
Педагогикалык кеңештин курамына директор, директордун орун басарлары, бөлүм башчылар, китепкана башчысы, цикликалык комиссиялардын төрагалары, бөлүмдүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, дене тарбия кызматкерлери, методисттер, окуу-өндүрүш устаканаларынын жана лабораториялардын жетекчилери кирет. Бардык бөлүмдүн окутуучулары Педагогикалык кеңештин мүчөсү болуп саналат.
Педагогикалык кеңештин курамы жана саны ар жылы окуу жылдын башында Авиация институтунун директорунун буйругу менен бекитилет.
Педагогикалык кеңештин ишин кеңештин төрагасы — Авиация институтунун директору көзөмөлдөйт, ал эми орун басары — окуу иштер боюнча директордун орун басары болуп дайындалат.
Педагогикалык кеңеш түзүлгөндөн бери катчылык жана протокол жүргүзүү иштерин Курманов У. Э., Нуркулова З. М., Жумалиева Е. К., Абдылдаева С. Н., Жунушалиева К. А. жана Медешова З. Ж. алып барышат.