Өнүгүү стратегиясы
И. Абдраимов атындагы КАИны өнүктүрүү стратегиясы 2025-2030-жылдарга
2025-жылга КАИнын стратегиясын ишке ашыруу планы
Стратегиянын максаты
Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун 2025–2030-жылдарга карата өнүгүү стратегиясынын максаты (мындан ары – Стратегия) – Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн авиациянын адистерин даярдоодо эл аралык деңгээлде таанылган жогорку окуу жайды түзүү.
Стратегиянын милдеттери
- 1Эл аралык талаптарга жооп берген жеткиликтүү жана сапаттуу жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнү камсыз кылуу.
- 2Авиаинституттун эл аралык байланыштарын кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктөрүү.
- 3Адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу.
- 4Окутуунун инновациялык технологияларын өнүктүрүү.
- 5Авиаинституттун кадрдык потенциалын өнүктүрүү жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасын түзүү.
- 6ICAO, EASA жана IATA сертификаттарына ээ болгон адистештирилген инструкторлорду даярдоо.
- 7Авиациялык англис тили боюнча сертификацияланган борбор ачуу.
- 8Бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу жана алардын кесиптик өсүшүн камсыз кылган натыйжалуу системаны түзүү.
- 9Окутуучуларды жана студенттерди тартуу менен илимий изилдөөлөрдүн жана инновациялык ишмердүүлүктүн чөйрөсүн кеңейтүү.
- 10Авиаинституттун инфраструктура объектилерин этап-этабы менен комплекстүү модернизациялоо жана өнүктүрүү (окуу корпустарын, ашкананы мындан ары реконструкциялоо, заманбап техника жана жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу персоналды даярдоого толук шарттарды түзүү).
- 11Учактардын учурдагы паркын жаңылоо жана кеңейтүү.
- 12Студенттердин руханий-адептик, жарандык-патриоттук, укуктук, эмгек жана экологиялык тарбиясын камсыз кылган тарбиялык иштер системасын өнүктүрүү.