Өнүгүү программасы
Стратегия развития КАИ им.И.Абдраимова на 2025-2030
План реализации стратегии КАИ на 2025 г.
Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун 2025–2030-жылдарга карата өнүгүү стратегиясынын максаты (мындан ары – Стратегия) – Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн авиациянын адистерин даярдоодо эл аралык деңгээлде таанылган жогорку окуу жайды түзүү.
Стратегиянын милдеттери:
- Эл аралык талаптарга жооп берген жеткиликтүү жана сапаттуу жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнү камсыз кылуу.
- Авиаинституттун эл аралык байланыштарын кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү.
- Адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу.
- Окутуунун инновациялык технологияларын өнүктүрүү.
- Авиаинституттун кадрдык потенциалын өнүктүрүү жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасын түзүү.
- ICAO, EASA жана IATA сертификаттарына ээ болгон адистештирилген инструкторлорду даярдоо.
- Авиациялык англис тили боюнча сертификацияланган борбор ачуу.
- Бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу жана алардын кесиптик өсүшүн камсыз кылган натыйжалуу системаны түзүү.
- Окутуучуларды жана студенттерди тартуу менен илимий изилдөөлөрдүн жана инновациялык ишмердүүлүктүн чөйрөсүн кеңейтүү.
- Авиаинституттун инфраструктура объектилерин этап-этабы менен комплекстүү модернизациялоо жана өнүктүрүү (окуу корпустарын, ашкананы мындан ары реконструкциялоо, заманбап техника жана жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу персоналды даярдоого толук шарттарды түзүү).
- Учактардын учурдагы паркын жаңылоо жана кеңейтүү.
- Студенттердин руханий-адептик, жарандык-патриоттук, укуктук, эмгек жана экологиялык тарбиясын камсыз кылган тарбиялык иштер системасын өнүктүрүү.