Бүгүн институтта жаштардын келечеги, укук тартиби жана тарбиянын, адептүүлүктүн, адамкерчиликтин мааниси тууралуу жолугушуу болуп өттү.

 

Иш-чарада Кыргыз транспорттук прокурорунун орун басары Осмоналиев Азамат Карагулович жана Кыргыз транспорттук прокурорунун жардамчысы Досов Айбек Таалайбекович жаштарга багытталган темада баяндама жасап, маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.

 

Жолугушууда өспүрүмдөр арасында тартип, тарбия, адамкерчилик тууралуу кеңири маек курулуп, окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты.