Самара университетинде 25-ноябрда башталган «Инженериялык илимдер боюнча Кышкы университет» эл аралык долбоору 7-декабрда жыйынтыкталып, ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер авиация-космостук системалар инженериясын жана учкучсуз аппараттарды долбоорлоону өздөштүрүштү. Катышуучулар лекцияларды лабораториялык практикалар менен айкалыштырып, эл аралык командаларда иштеп, Самара шаарынын маданияты менен таанышышты.
Программанын катышуучуларынын бири — И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенти Марлен Сарлыков эл аралы долбоор тууралуу өз оюу менен бөлүштү.
Марлен программага катышуунун маанисин төмөнкүдөй түшүндүрдү: «Кышкы университетке катышуу жеке жана кесиптик өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул эл аралык инженердик чөйрөнү өз көзүң менен көрүп, адистерден үйрөнүп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер менен билим жана тажрыйба алмашууга шарт түзгөн уникалдуу программа», - деп баса белгиледи ал.
Программа алкагында Марлен сегиз адамдан турган анын командасы эки долбоордун үстүндө иштеди. Биринчи долбоор — шаар борборунда синхрондуу кыймыл жасаган 500 дрондон турган жарык шоу концепциясын иштеп чыгуу. Экинчи долбоор — сел учурунда ӨКМ үчүн оперативдүү учуп чыгып, аймакты чагылыштырып, маалымат бере алган дронду түзүү. Практикалык иштер үчүн убакыт чектелүү болгонуна карабастан, команда теориялык бөлүгүн терең иштеп чыккан.
«Долбоордун идеясын окутуучулар сунуштады, ал эми деталдары менен жакшыртууларды биз өз алдынча иштеп жатабыз. Командада ар ким өз ролун аткарды: бири маалымат издейт, бири эсептейт, программалайт же презентация жасайт. Мен дрондордун өлчөмү, аралыкка учуу мүмкүнчүлүгү, бийиктиги сыяктуу мүнөздөмөлөрүн эсептеп, аппаратты кантип өркүндөтүү боюнча сунуш берем», - деди Марлен.



