2025-жылдын 12-августунда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда билим берүү кызматтарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жана сапатын жогорулатуу максатында EdNet агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Бул жолугушуунун максаты Авиаинститутунда билим берүү жана илим чөйрөсүндө белгиленген талаптарга, стандарттарга жана критерийлерге ылайык келген билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн шайкештигин тастыктоо үчүн аккредитациялык иш-чараларды өткөрүү тартиби менен таанышуу болду.