11-мартта И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери «Үмүт Шамы» кайрымдуулук фондунун ыктыярчылык иш-чарасына катышты.

Алар институттун атынан фондго колдоо көрсөтүп, жигердүү жарандык позициясын жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга болгон умтулуусун көрсөтүштү.

«Үмүт Шамы» фонду ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жетим балдарга жана калктын аяр катмардагы жарандарга колдоо көрсөтүү багытында иш алып барат.

Студенттердин фонддун ишмердүүлүгүнө катышуусу жардамга муктаж адамдарды колдоого салым болуп, жаштардын социалдык жоопкерчилигинин жана кайдыгер эместигинин мисалы болду.