Жапон Aeronext Inc. компаниясынын өкүлдөрүнүн И. …
14 Авг 2025
3607
Кызматташтык
2025-жылдын 14-августунда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна инновациялык учкучсуз учуучу аппараттарды жана келечектеги аба логистикасын иштеп чыгуу боюнча адистешкен жапон Aeronext Inc. компаниясынын өкүлдөрү келишти.
Сапар жана макулдашуу
Сапардын жүрүшүндө институттун жетекчилиги менен жолугушуу болуп, анын жыйынтыгында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Тараптар жаңы муундагы авиациялык адистерди даярдоо, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттарды жарандык-социалдык чөйрөлөрдө колдонуу боюнча учурдагы долбоорлор, кызыкчылыктар жана өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алмашышты.