2025-жылдын 7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушуп, «Кыргызстандын жарандык авиациясынын эл аралык таанылышы, реформалары жана лидерлиги» темасында лекция өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Данияр Бостонов өлкөдөгү жарандык авиациянын өнүгүүсү Президент Садыр Жапаровдун өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары учуулардын коопсуздугун жогорулатууга жана аба транспорту тармагын өнүктүрүүгө багытталган реформалар активдүү ишке ашырылып келет.

Ведомствонун башчысы Кыргызстанды Европа Биримдигинин «коопсуздук тизмесинен» чыгаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып өттү. Бул боюнча Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин өкүлдөрү Брюсселде өткөн жыйналышка катышышкан. Ал эми келерки жылы Еврокомиссиянын акыркы аудити күтүлүүдө. Акыркы чечим 2026-жылы кабыл алынат деп пландалууда.

Данияр Бостонов Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эки аудитинен ийгиликтүү өткөнүн жана аймактагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирин көрсөтө алганын баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда агенттиктин башчысы өлкөдө авиадиспетчерлердин тартыштыгы (болжол менен 20%) байкалганын айтып, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун мыкты бүтүрүүчүлөрү үчүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин белгиледи.