Бүгүн Кыргыз авиациялык институтунда «Коррупцияга каршы аракет жана маалыматтык саясат» темасында иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара студенттер менен суроо-жооп форматында башталып, анда коррупциянын алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана коомдо антикоррупциялык маданиятты калыптандыруу маселелери талкууланды.

Иш-чарага Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу башкармалыгынын улук прокурору Жусупов Акжол Дамирович жана коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунов Бекболот Токтосунович катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө коррупциянын алдын алуу чаралары, Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик программа жана 2026-жылдын 13-февралында кабыл алынган коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусу, антикоррупциялык маданиятты өнүктүрүү жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жолдору талкууланды. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, коррупцияга каршы күрөшүүдө ар бир жарандын жоопкерчилиги тууралуу маалымат алышты.