15-октябрда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү. Иш-чара жакшы демилгелерди колдоого жана өз ара жардамдашуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталды.

Жарманкеге институттун студенттери жана кызматкерлери катышып, кайрымдуулук ишине өз салымдарын кошууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Мындай иш-чаралар институттагы достук мамилелерди чыңдоого, жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга жана кайрымдуулук, боорукердик, өз ара жардамдашуу баалуулуктарын калыптандырууга өбөлгө түзөт.