Бүгүн, 23-сентябрда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын максаты — кыргыз тилинин макамын жогорулатуу, жаштарды эне тилин сүйүүгө жана урматтоого тарбиялоо, ошондой эле улуттук баалуулуктарды жана салт-санааларды сактоо.

Студенттер тарабынан концерттик программа даярдалып, анда ырлар окулуп, улуттук ырлар жана бийлер аткарылып, ошондой эле театралдаштырылган көрүнүштөр тартууланды.

Иш-чара майрамдык жана жылуу маанайда өтүп, студенттер менен окутуучуларды мамлекеттик тилге жана улуттук маданиятка болгон урмат-сыйдын айланасында бириктирди.