Жаңылыктар
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда жаңы 2025–2026-окуу жылына карата даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. — Институт тарабынан имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Имараттарды капиталдык оңдоо

Бакаев көчөсү, 87 дарегинде жайгашкан окуу корпусунда аянты 500 чарчы метр болгон чатырды толугу менен заманбап технологиялар жана материалдар менен алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Практикалык базаны даярдоо

Окуу полигонунда практикалык база даярдалууда. Бар болгон авиациялык техникалар (самолеттор жана тик учактар) техникалык тейлөөдөн өтүп, сырдоого даярдалууда.

Окуу корпусу жана спорт залдары

Лущихин көчөсү, 60 дарегинде жайгашкан башкы окуу корпусунда бардык аудиториялык фондду даярдоо аяктады, атап айтканда 5-кабаттагы спорт залдары капиталдык оңдоодон өттү. Жакынкы аралыкта корпусту институттун жетекчилиги кабыл алат.

Жылуулоо системасын реконструкциялоо

Отоплениены модернизациялоо
Учурда институттун жылытуу системасын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө, анын ичинде көмүр от казанынан жакшыртылган газ жылытуу системасына өтүү менен алардын натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу максатында иштер аткарылууда. Бул биздин Бишкек шаарындагы ыш менен күрөшүүгө кошкон салымыбыз…!

Фотогалерея