2025-жылдын 11-декабрында «Московия» колледжинде «Билим берүү чөйрөсүндө жана жаштар арасында терроризм жана экстремизм идеологиясына каршы күрөшүү» темасында эл аралык тегерек стол болуп өттү. Иш-чара 2025–2027-жылдарга карата КШМ мамлекеттеринин дерадикализация чөйрөсүндөгү кызматташтык программасынын алкагында өткөрүлдү.

Тегерек столдун ишине Кыргызстандан, Беларусиядан, Өзбекстандан жана Россиядан билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле адистер жана профилдүү кызматкерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү чөйрөсүндө экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, жаштарга укуктук билим берүү, тарбиялык иштерди методикалык камсыздоо, укук коргоо органдарынын ролу жана тобокел тобдогу окуучулар менен иштөөгө санариптик инструменттерди колдонуу маселелери каралды.

Катышуучулар илимий-практикалык тажрыйба менен бөлүшүп, КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү жана жаштар чөйрөсүндө терроризм жана экстремизм идеологиясына каршы ишмердүүлүктү өркүндөтүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.