2026-жылдын 27-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда окуу жайдын окуу иштери боюнча директорунун орун басары, өзгөчө педагог жана устат Анатолий Ильич Бондаренконун 85 жылдыгына арналган «Авиациялык билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салым» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага институттун ардагерлери, кесиптештери, А. И. Бондаренконун шакирттери, окутуучулар жана студенттер катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Анатолий Ильичтин кесиптик ишмердүүлүгү, педагогикалык чеберчилиги жана авиациялык адистерди даярдоого кошкон салымы тууралуу эскерүүлөр айтылды.
Жолугушууну ачып жатып, институттун ардагери, окутуучу Рахимбек Даиров Анатолий Бондаренконун педагогикалык мурасынын маанилүүлүгүнө токтолду. Ал өзгөчө курсанттар үчүн окуу кабинеттерин жабдууга жана жасалгалоого кошкон эмгегин белгиледи.
Анын айтымында, Анатолий Ильич окуу-методикалык материалдарды даярдоого чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап, окуу материалдарынын мазмундуу, түшүнүктүү жана көргөзмөлүү болушуна өзгөчө көңүл бурган. Анын эмгеги менен түзүлгөн окуу кабинеттериндеги стенддер жана көргөзмө материалдар курсанттардын гана эмес, окуу жайга келген министрликтердин өкүлдөрүнүн да жогорку баасына татыган.
Тегерек столдун жүрүшүндө атайын дисциплиналардын циклдык комиссиясынын жаш окутуучулары баяндама жана презентацияларын сунушташты. Алар окутулуп жаткан атайын сабактардын авиация тармагына квалификациялуу адистерди даярдоодогу маанисине, билим берүү процессин уюштуруунун заманбап ыкмаларына жана авиациялык билим берүүнүн салттарын улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушту.
Студенттердин баяндамалары да катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Студенттер өздөрүнүн эмгектерин сунуштап, алган билимдерин, практикалык көндүмдөрүн, чыгармачылык мамилесин жана кесиптик өнүгүүгө болгон умтулуусун көрсөтүштү.
Тегерек стол тажрыйба алмашуу, мугалимдердин муундар ортосундагы уланмалуулугун бекемдөө, авиациялык билим берүүнүн салттарын сактоо жана анын келечегин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду.
Иш-чара Анатолий Ильич Бондаренконун жаркын элесине таазим кылуу менен бирге, анын авиациялык билим берүүгө жана келечектеги авиация адистерин даярдоого кошкон эмгегин эскерүүгө арналды.