2026-жылдын 15-октябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Авиация тармагынын келечектеги адистеринин кесиптик компетенцияларын калыптандыруу: студенттик изилдөөлөрдөн реалдуу өндүрүшкө чейин» деген темада тегерек стол өттү.

Иш-чаранын негизги максаты студенттердин практикалык жана илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, кесиптик билим жана тажрыйба алмашуу, изилдөөлөрдүн натыйжаларын талдоо жана презентациялоо көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле келечектеги авиация адистеринин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу болду.

Тегерек столго И. Абдраимов атындагы КАИнин студенттери, практика жетекчилери, өндүрүштүк насаатчылар жана магистранттар катышты.

Катышуучулар студенттердин кесиптик жактан калыптанышында практикалык даярдыктын жана илимий-изилдөө иштеринин маанисин, ошондой эле алган билимдерин реалдуу өндүрүш шарттарында колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.