2026-жылдын 30-январында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Российская газета» басылмасынын Борбор Азия аймактык өкүлчүлүгүнүн (Бишкек ш.) жетекчиси Дмитрий Евлашков менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга институттун экинчи курстарынын студенттери катышты.

Иш-чара «Кыргызстандыктар — Советтик Союздун Баатырлары» аттуу почта маркаларынын лимиттелген сериясынын бет ачарына арналды. Бул уникалдуу долбоор «Российская газета» басылмасы тарабынан «Кыргызпочта» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу астында ишке ашырылып, Совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 80 жылдыгына арналган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Дмитрий Евлашков долбоордун жаралуу тарыхы тууралуу айтып берип, аталган почта маркаларынын сериясы Кыргызстан аймагынан фронтко аттанып, Советтик Союздун Баатыры деген жогорку наамга ээ болгон 73 жоокердин эрдигине жана элесине арналганын белгиледи. Бул долбоор жаш муундардын патриоттук тарбиясын күчөтүүгө жана тарыхый эс тутумду сактоого багытталган.

Жолугушуу жылуу маанайда өттү. Студенттер коноктун баяндамасын кызыгуу менен угуп, өздөрүн кызыктырган суроолорду активдүү беришти.

Иш-чаранын соңунда почта маркаларынын сериясы Кыргыз авиациялык институтунун музейине эстелик белек катары тапшырылды.