И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Укук бузуулар боюнча мыйзамдар» темасында лекция өткөрүлдү.
Лекцияны Э. Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясынын административдик укук бузуулар жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын доценти Мамышев Самат Акманович өттү.
Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын негизги жоболору, административдик жоопкерчилик жана мыйзам талаптарын сактоо маселелери менен таанышышты.