И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Авиакассир жана брондоо системалары» курсунун алкагында Air Astana авиакомпаниясынын расмий өкүлчүлүгүнүн коммуникациялар боюнча директорунун орун басары Нурсултан Толобаевдин конок лекциясы болуп өттү.

Лекция авиация тармагындагы иштин практикалык аспектилерине жана заманбап брондоо системаларын колдонууга арналды. Жолугушуунун жүрүшүндө спикер Amadeus глобалдык брондоо системасы, анын мүмкүнчүлүктөрү жана авиакомпаниялардын, авиакассирлердин ишмердүүлүгүндөгү маанилүү ролу тууралуу кеңири маалымат берди. Программанын негизги функциялары, авиабилет брондоо, каттоо жана жүргүнчүлөрдү коштоп жүрүү процесстери каралды.

Ошондой эле Нурсултан Толобаев Air Astana авиакомпаниясынын расмий өкүлчүлүгүнүн ишинде Amadeus системасын колдонуудагы практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул системаны билүү авиация тармагындагы келечектеги адистер үчүн маанилүү кесиптик көндүм экенин белгиледи.

Мындан тышкары, спикер Air Astana авиакомпаниясынын түзүмү жана ишмердүүлүгү, расмий өкүлчүлүктүн иш өзгөчөлүктөрү, ошондой эле авиация тармагындагы коммуникациялардын ролу тууралуу айтып берди. Студенттер эл аралык авиакомпанияда иштөөнүн практикалык тажрыйбасы жана кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баалуу маалымат алышты.