2025-жылдын 19-декабрында И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Коррупцияга каршы мыйзамдардын актуалдуу жаңылыктары» темасында конок лекция болуп өттү.
Иш-чаранын баяндамачысы — юридика илимдеринин доктору, доцент, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Какешов Бакыт Дайрабаевич болду.
Лекциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарындагы негизги өзгөртүүлөр жана жаңылануулар, укук колдонуу практикасынын маселелери, ошондой эле коррупциялык укук бузуулардын алдын алууда мамлекеттик кызматкерлердин жана жарандардын ролу талкууланды.
КАИнин студенттери жана окутуучулары кызыктырган суроолоруна жооп алып, коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Мындай иш-чаралар билим алуучулардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга жана коомдо мыйзамдуулук менен ачык-айкындуулук принциптерин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.



