2026-жылдын 12–16-январь күндөрү И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда профессордук-окутуучулук курам үчүн педагогикалык (кышкы) окуулар өткөрүлдү. Иш-чара авиациялык билим берүүнүн сапатын өнүктүрүүгө жана авиация тармагы үчүн адистерди даярдоону өркүндөтүүгө багытталды.

Педагогикалык окуулар кесиптик тажрыйба алмашуу, билим берүү процессиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо жана авиация тармагынын заманбап талаптарына жана эл аралык стандарттарга жооп берген окутуу ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду.

Спикерлер катары учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук боюнча инструкторлор, авиакомпаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз авиациялык институтунун алдыңкы окутуучулары катышты. Практик-адистердин катышуусу келечектеги авиация адистерин даярдоодо тармактын реалдуу шарттарын жана талаптарын эске алуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Педагогикалык окуулардын алкагында авиациялык билим берүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон негизги темалар кеңири каралды. Алардын катарына учуу коопсуздугун камсыз кылуу, авиациялык коопсуздук маселелери, авиация тармагында биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана стандарттары, ошондой эле заманбап педагогикалык ыкмалар кирди. Өзгөчө көңүл социалдык муундар теориясына, анын билим алуучулардын мотивациясына, маалыматты кабыл алуусуна жана кесиптик компетенцияларды калыптандырууга тийгизген таасирине бурулду.