2026-жылдын 10-июнунда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык  институтунда окуу жайдын коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруунун алкагында коомдук угуу өткөрүлдү.

Иш-чарага окутуучулар, студенттер, ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Угуу учурунда Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны уюштуруу, учурдагы жана жыйынтыктоочу экзамендерди өткөрүү, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле институттун финансылык каражаттарын пайдалануу жана чыгымдоо маселелери каралды.

Баяндамачылар ар бир багыт боюнча маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.  Мындай коомдук угуулар институтта туруктуу негизде өткөрүлүп, анын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатууга жана коомдук көзөмөлдү чыңдоого өбөлгө түзөт.