2025-жылдын 10–14-ноябрында Кыргыз авиациялык институтунда эл аралык кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө алкагында конок лекциялар жумалыгы болуп өттү. Иш-чаранын өнөктөштөрү катары Казакстандын Алматы шаарындагы «Жарандык авиация академиясы» АК жана Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы Беларусь мамлекеттик авиация академиясы болду.
Лекциялар онлайн-платформалар аркылуу видеоконференция түрүндө өткөрүлүп, 2–3-курс студенттерине багытталды. Катышуучулар эл аралык авиация тармагындагы бүгүнкү күндөгү өзгөрүүлөр жана тенденциялар менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Конок лекциялар жумалыгы 10-ноябрда Жарандык авиация академиясы тарабынан башталып, «Авиациялык ташууларды уюштуруу жана логистика» кафедрасынын окутуучусу Медетбеков Бейбит Рахимжанович студенттерге «Авиациялык коопсуздукту башкаруу», «Сапатты контролдоо» жана «Учуу коопсуздугу» темаларында лекция окуду.
12–14-ноябрь күндөрү Беларусь мамлекеттик авиация академиясынын өкүлдөрү иш-чараны улантты:
- 12-ноябрь — абада кыймылды уюштуруу жана авиациялык коопсуздукту камсыздоо кафедрасынын улук окутуучусу, магистр Олег Валерьевич Александров «Учуу коопсуздугу» темасында лекция окуду;
- 13-ноябрь — ошол эле кафедранын улук окутуучусу Алексей Викторович Дубовский «Авиациялык коопсуздук» темасында чыкты;
- 14-ноябрь — кафедра башчысы Роман Анатольевич Вишневский «Авиациялык коопсуздук тармагында сапатты контролдоо» темасында лекция өткөрдү.
Студенттер жигердүү катышып, талкууларга активдүү аралашып, эл аралык деңгээлдеги адистердин тажрыйбасына таянган баалуу билимдерге ээ болушту.






