
Катышуучулар
Конференциянын ишине Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген окумуштуулар жана адистер, ошондой эле авиациялык окуу жайларынын студенттери жана аспиранттары катышты.
Формат
Иш-чара гибрид форматта өтүп, бул ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Докладдар жана талкуулар
Алгач Жарандык авиация агенттигинин, ЖАКтын, ошондой эле алдыңкы университеттер менен илимий борборлордун өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Пленардык жыйындын жана секциялык талкуулардын жүрүшүндө авиация тармагын санариптештирүү маселелери, авиациялык системалардын киберкоопсуздугун жогорулатуу, жасалма интеллект технологияларын колдонуу, санариптик өзгөрүүлөр шартында авиация адистерин даярдоо, авиациялык техниканы эксплуатациялоо жана эл аралык стандартташтыруу боюнча негизги суроолор каралды.
Өзгөчө көңүл жаш изилдөөчүлөрдүн инновациялык долбоорлоруна жана илимий иштөөлөрүнө бурулду.
Жыйынтыктар








