2025-жылдын 20-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Дүйнөлүк илим күнүнө карата «XXI кылымдагы авиациядагы санариптик трансформация жана коопсуздук» аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Конференциянын ишине Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген окумуштуулар жана адистер, ошондой эле авиациялык окуу жайларынын студенттери жана аспиранттары катышты.
Иш-чара гибрид форматта өтүп, бул ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берди. Алгач Жарандык авиация агенттигинин, ЖАКтын, ошондой эле алдыңкы университеттер менен илимий борборлордун өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Пленардык жыйындын жана секциялык талкуулардын жүрүшүндө авиация тармагын санариптештирүү маселелери, авиациялык системалардын киберкоопсуздугун жогорулатуу, жасалма интеллект технологияларын колдонуу, санариптик өзгөрүүлөр шартында авиация адистерин даярдоо, авиациялык техниканы эксплуатациялоо жана эл аралык стандартташтыруу боюнча негизги суроолор каралды.
Өзгөчө көңүл жаш изилдөөчүлөрдүн инновациялык долбоорлоруна жана илимий иштөөлөрүнө бурулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.








