2026-жылдын 15-майында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана магистранттары Фулбрайт программасынын алкагында уюштурулган эл аралык конок лекцияга катышты.
Иш-чаранын спикери University of South Florida университетинин өкүлү Ахмет Мехут Букеч болду. Лекция «Жогорку рейтингдеги илимий журналдарга макалаларды кантип даярдап, жарыялоо керек» деген темага арналды.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар эл аралык илимий басылмалардын негизги талаптары, академиялык публикацияларды даярдоонун өзгөчөлүктөрү жана изилдөөчүлөрдүн публикациялык активдүүлүгүн жогорулатуунун заманбап ыкмалары тууралуу маалымат алышты.
Ошондой эле илимий макаланын түзүмү, илимий журналды туура тандоо жана академиялык жазуунун эл аралык стандарттарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.