2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз авиациялык институтунун ЕНД кафедрасында жарандык авиация факультетинин студенттери үчүн конок лекциясы уюштурулду. Иш-чаранын коногу — Депозиттерди коргоо агенттигинин кадрлар жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Айдар Сүйүндүкович Олжобаев «Депозиттерди коргоо системасы тууралуу» лекция окуп берди.
Лекцияга «Аба транспорту боюнча менеджмент» багытында билим алган 1 жана 3-курстун студенттери болду. Жолугушуу жигердүү жана кызыктуу атмосферада өтүп, студенттер көптөгөн суроолорду берип, темага чоң кызыгуусун билдирди. Эң активдүү катышуучуларга лектор чакан белектерди тапшырды.



