24-ноябрь күнү И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Киберкоопсуздук жана киберкылмыштар» темасында конок лекция өттү.

Лектор катары юридика илимдеринин кандидаты, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Киберкоопсуздук бөлүмүнүн кызматкери, милициянын подполковниги Чолпон Назаркулова чыгыш жасады.

Лекция учурунда студенттерге санарип мейкиндиктеги коркунучтар, жеке маалыматтарды коргоо жолдору, ошондой эле маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кеңири тараган алдамчылыктардын түрлөрү тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын негизги максаты жаштардын киберкоопсуздук боюнча сабаттуулугун жогорулатуу жана интернетте коопсуз жүрүм-турумдун маанисин түшүндүрүү болду.