2025-жылдын 17-декабрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Аба транспортунда транспорттук коопсуздук» адистиги боюнча билим алып жаткан ТБ-1-23, ТБ-2-23 жана ТБ-3-23 тайпаларынын студенттери үчүн конок лекциясы уюштурулду. 

Лекцияны «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын инструктору Чиманов Тилек Турдубекович өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө лектор авиациялык коопсуздук тармагындагы кесип, анын жарандык авиациянын коопсуздугун камсыз кылуунун мааниси, ошондой эле аэропорттордогу авиациялык коопсуздук кызматтарынын ролу тууралуу кеңири маалымат берди. Студенттер авиациялык коопсуздук кызматкерлеринин негизги функциялары жана милдеттери, кесиптик даярдыкка коюлган талаптар, жоопкерчилик деңгээли тууралуу таанышышты.

Өзгөчө көңүл практикалык иш-аракеттерге, мыйзамсыз кийлигишүү актыларын алдын алуу чараларына жана аэропорттун башка кызматтары менен өз ара аракеттенүүгө бурулду. Ошондой эле лектор өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, иш тажрыйбасынан мисалдарды келтирди.