2026-жылдын 10-апрелинде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Central Asian Aviation Cup – 2026» аттуу эл аралык авиабатл болуп өттү.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Беларусь өлкөлөрүнөн 7 команда катышты. Катышуучулар аймактагы алдыңкы адистештирилген окуу жайларын өкүлчүлүк кылып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, кесипкөйлүгүн жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.

Авиабатлдын өзгөчөлүктөрүнүн бири — командалар 2–3-курстун ар түрдүү адистиктеринде окуган студенттерден түзүлгөнү болду. Бул ыкма дисциплиналар аралык өз ара аракеттенүүнү, командалык иштөөнү жана билимди практикалык колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түздү.

Жыйынтыгында «Central Asian Aviation Cup – 2026» баш байгесин Беларусь мамлекеттик авиация академиясынын командасы жеңип алды. Алар терең билим деңгээлин, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана заманбап ыкмаларды колдонуу жөндөмүн көрсөтүштү.

Калыстар тобуна катышуучу өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери кирди. Алардын айтымында, бардык командалар жогорку деңгээлде даярдангандыктан, жеңүүчүлөрдү аныктоо оңой болгон жок.

Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчү командага Гран-при Кубогу тапшырылып, байгелүү орундарды ээлеген командалар грамоталар менен сыйланышты. Командалардын жетекчилери жана катышуучулар сертификаттар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Уюштуруучулар «Central Asian Aviation Cup» авиабатлы жыл сайын өткөрүлүүчү жакшы салтка айланып, авиация тармагындагы эл аралык кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө салым кошот деген ишенимин билдиришти.