4-июнда эл аралык орус тили күнүнө карата И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда "Азыркы дүйнөдө орус тилинин ролу" темасында тегерек стол болуп өттү.
Биринчи курстардын студенттери жана окутуучулар бүгүнкү күндө билим берүү, илим жана маданияттар аралык байланышта орус тилинин ролу кандай экендигин талкуулашты.
Тегерек столдун алкагында студенттер мазмундуу докладдар менен чыгып сүйлөштү. Презентациянын демонстрациясы менен коштолгон баяндамалар катышуучулардын кызыгуусун арттырды.