2026-жылдын 4-июнунда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Биз коррупцияга каршыбыз» аттуу дубал гезиттер сынагы өткөрүлдү.

Иш-чара студенттердин коррупцияга каршы көз карашын калыптандыруу, укуктук маданиятын жогорулатуу жана жарандык жоопкерчилигин өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Студенттер өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүп, коррупцияга каршы күрөштүн маанисин жана коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды чагылдырган мазмундуу дубал гезиттерди даярдашты.