2026-жылдын 11-февралында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда үч тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту, «Асман Экономи» ЖЧКсы жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян аймагынан келген Asman Drone Technology компаниясынын ортосунда кызматташтык тууралуу Макулдашууга кол коюлду.
Кол коюлган Макулдашуу эл аралык академиялык жана илимий-техникалык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, алдыңкы технологиялык чечимдерди билим берүү процессине киргизүүгө жана билим алуучулардын практикага багытталган даярдыгын күчөтүүгө багытталган. Кызматташтыктын алкагында биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, академиялык жана кесиптик тажрыйба алмашуу, ошондой эле учкучсуз авиациялык системалар чөйрөсүндө инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү каралган.
Өнөктөштүктүн алкагында авиация тармагынын жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул Макулдашууну ишке ашыруу студенттердин жана профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, институттун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө жана илимий-техникалык потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт.







