2025-жылдын 2-декабрында Кыргыз авиациялык институтунда улуттун руханий мурасы болгон “Манас” эпосунун күнүнө арналган иш-чара өттү.
Өзгөчө конок катары Кыргыз Республикасынын эл артисти, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Манас” банкынын стипендианты, акын жана манасчы, 2022-жылы Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгында” 124 саат тынымсыз “Манас” айтуусу менен Гиннесстин рекорддор китебине кирген Рысбай Исаков катышты.
Иш-чарага биринчи жана экинчи курстун студенттери, окутуучулар жамааты катышып, “Манас” эпосунун тарыхый, маданий жана дүйнөлүк мааниси тууралуу кеңири маалымат алышты.
Анда студенттер тарабынан даярдалган кыргыз, орус жана англис тилдериндеги докладдар окулду. Мындан тышкары, студенттер Кызайбеков Тилек жана Каныбекова Айназик “Манастан” үзүндү айтып, өздөрүнүн көркөм өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Иш-чара соңунда манасчы Рысбай Исаков жаштарга ак батасын берип, “Манасты” урматтоо ар бир муундун милдети экенин белгиледи. Ошондой эле ал КАИнин музейиндеги ардактуу коноктордун китебине кол тамга калтырды.







