КАИде авиациялык билим берүү боюнча эл аралык кон…
27 Мар 2026
78
Иш-чара
2026-жылдын 27-мартында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда «Авиациялык билим берүүдө табигый-илимий жана техникалык дисциплиналарды интеграциялоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык студенттик конференция болуп өттү.
Катышуучулар
Иш-чарага өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынан студенттер жана алардын илимий жетекчилери катышты. Алардын катарында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму жана ИСИТО бар.
Конференция тууралуу
Конференция илимий идеялар менен алмашуу, авиациялык билим берүүдө илим менен техниканы интеграциялоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле студенттердин изилдөөчилүк көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча болду.
Жеңүүчүлөр
1I орун — Турдалиева Лилия Болотбековна, КАИнин 3-курсунун студенти, «Airport security» темасында баяндама жасады.
2II орун — Жылдызбек кызы Мырзайым, И. Арабаев атындагы КМУнун студенти, темасы: «Альпинисттердин биометрикалык мониторинги: жасалма интеллект тоолордогу ден соолукту кантип көзөмөлдөйт».
3II орун — Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери Рахматжанова А.К. жана Жолдошова С.А., темасы: «Учуу процесстерин моделдоодо информатиканын ролу: студенттер үчүн санариптик симуляциялар».
4III орун — Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери Алиева А.А., Артисбек кызы А., Тұрымбекова Н.Х., темасы: «Симуляция жана реалдуулук: авиациялык кыймылдаткычтардын иштешин математикалык-физикалык анализдоо».
5III орун — Ибираев Абду-Адыл, КАИнин 1-курсунун студенти, «Авиацияда физика мыйзамдарын колдонуу» темасындагы баяндамасы үчүн.
Сыйлоо
Конференциянын бардык катышуучуларына I, II жана III даражадагы дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.