15-апрелде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Кыргыз Республикасындагы тил саясаты, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жогорку окуу жайлардын орду жана ролу» аттуу семинар өткөрүлдү.
Жайында Тил саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Асылбек Орозов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Карлыгач Жумакадырова, Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун жетектөөчү адиси Зияда Шамуратова, Санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башкы адиси Талгат Садырбековдор баяндама жасашты.
Алар «Кыргызтест» системасы тууралуу маалымат, тестке даярдануу боюнча методикалык көрсөтмөлөр, Улуттук комиссия тарабынан иштелип чыккан видеосабактар, 2021–2025 –жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында иштелип чыккан программалык продукттар тууралуу айтып беришти. Анын ичинде «Айтил» улуттук жасалма интеллекти, Document.gov.kg порталы, «Кыргызча оңой / Easy Kyrgyz» мобилдик тиркемеси, ошондой эле балдарга арналган колдонмолор жана кыргыз тилинин жазуу эрежелерине байланыштуу видео сабактар сунушталды.
Иш-чаранын соңунда мамлекеттик тилде иш кагаздарын сабаттуу жүргүзүү үчүн тармактык сөздүктөрдүн электрондук варианттарын жана заманбап технологияларды колдонуу тартиби боюнча түшүндүрмө берилип, белекке китептер тапшырылды.



