2026-жылдын 28-апрелинде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда окуу-методикалык бирикменин кеңейтилген жыйыны жана «Авиация тармагы үчүн кадрларды даярдоонун дуалдык модели» аттуу тегерек стол болуп өттү.

 Иш-чарага Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин, «Кыргызаэронавигация» МИнин, «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын, ошондой эле авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү, студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү жана иш берүүчүлөр менен кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын аягында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды: тармактык өзгөчөлүктү күчөтүү максатында айрым билим берүү профилдери кайра аталды, авиациялык туризм багытында чет өлкөлүк жогорку окуу жайы менен биргелешкен жаңы профиль ачылды, аба кемелерин эксплуатациялоо боюнча техникалык профилдер бириктирилди, ошондой эле учкучсуз авиациялык системалар боюнча заманбап профиль ишке киргизилди.

Тегерек столдун алкагында дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү, студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү жана иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери өзүнчө талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында дуалдык билим берүү модели Кыргызстандагы авиация тармагы үчүн талап кылынган адистерди даярдоонун натыйжалуу куралы экени белгиленди.