2025-жылдын 9-октябрында И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Бүткүл дүйнөлүк космос жумалыгынын алкагында тематикалык иш-чара болуп өттү. Студенттер космос илимин популяризациялоого багытталган конкурстарга, презентацияларга жана викториналарга катышышты.
Иш-чара жаштардын космосту өздөштүрүү тарыхына, заманбап космостук технологияларга, ошондой эле эл аралык космос укугу маселелерине болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулган. Иш-чарага институттун студенттери жана окутуучулары катышышты.
ВДо-1-25 группасынын студенттери Адеми Абыкееванын жана Бексултан Толонбаевдин «Космостогу жашоо» темасындагы сүрөт конкурсунун жана илимий баяндамалардын жеңүүчүлөрү болгондугу өзгөчө көңүлдү бурду. Студенттер космос мейкиндигин өздөштүрүүнүн жана Жерден тышкары жашоонун келечеги жөнүндө айтып берген автордук презентацияларын тартуулашты. Жеңүүчүлөр белектерди алышты.