И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда институттун материалдык-техникалык базасын жаңылоого жана калыбына келтирүүгө багытталган масштабдуу комплекстүү капиталдык иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 1 700 чарчы метр аянтка асфальт төшөлүп, заманбап бордюрлар орнотулуп, инженердик коммуникациялар жаңыланып, жаңы шагыл-мастикалык төшөлмө төшөлдү, студенттик жатаканага жаңы эшиктерди орнотуу иштери аяктады, ошондой эле окуу корпусундагы терезелер алмаштырылды.
   Иштер пландуу түрдө уланууда жана жакынкы аралыкта инфраструктураны модернизациялоонун кийинки этаптарын ишке ашыруу күтүлүүдө.
   Бардык оңдоо жана калыбына келтирүү иштери институттун атайын каражаттарынын эсебинен каржыланууда.