Бакалавр багытындагы студенттердин бүтүрүү аземи
2025-жылдын 18-июнунда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда бакалавр багытындагы студенттерди бүтүрүүгө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Институттун директору Улан Курманов бүтүрүүчүлөрдү бул маанилүү окуя менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилектерин билдирди. Ошондой эле, институттун бөлүмдөрүнүн жетекчилери да жылуу сөздөрүн айтышты.
Бүтүрүүчүлөргө окуудагы жигердүү жана натыйжалуу ишмердүүлүгү, студенттик турмушка активдүү катышканы жана жогорку академиялык жетишкендиктери үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.
Институттун жамааты бүтүрүүчүлөрдү бул маанилүү окуя менен куттуктап, алардын жетишкендиктерине сыймыктанаарын билдирет жана кесиптик иште ийгилик, бакубат жашоо, карьералык өсүш жана бакыт каалайт.
Ак жол, бүтүрүүчүлөр!