И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери академиялык алмашуу программасын ийгиликтүү аяктап, окуу жайга кайтып келишти.
Программанын алкагында студенттер В.П. Чкалов атындагы Егорьевск авиациялык техникалык жарандык авиация колледжине жөнөтүлүп, ал жактан кесиптик билимдерин кеңейтүүгө, теориялык даярдыгын бекемдөөгө жана кабыл алуучу тараптын шартында практикалык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышты.
Академиялык алмашуу эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтык тууралуу түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылды. Программанын катышуучулары окуу процессинин жогорку деңгээлде уюштурулганын, ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн жана алынган тажрыйбанын чоң практикалык маанисин белгилешти.
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун жетекчилиги академиялык алмашуу программасын ишке ашырууга жана авиация тармагы үчүн келечектеги адистерди даярдоого көрсөткөн көмөгү үчүн В.П. Чкалов атындагы Егорьевск авиациялык техникалык жарандык авиация колледжинин жетекчилигине жана жамаатына терең ыраазычылык билдирет.