10-октябрда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда студенттердин күчү менен уюштурулган жыл сайын өтүүчү кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү. Иш-чаранын алкагында катышуучулар өз алдынча даярдалган нан азыктарын жана улуттук тамактарды тартуулашты.

 

Кайрымдуулук жарманкеси институттун жакшы салтына айланып, бир нече жылдан бери өткөрүлүп келет.

 

Топтолгон каражаттар балдар үйлөрүнө жана реабилитациялык борборлорго азык-түлүк жана зарыл буюмдарды сатып алууга жумшалат.