И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун жарандык авиация факультетинин 4-курсунун студенттери — Акылбекова Гүлайым (гр.ВПо-1-22) жана Исаков Мурас (гр. ВЛо-2-22) — окуудагы мыкты көрсөткүчтөрү, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштердеги ийгиликтүү жетишкендиктери  үчүн Президенттик стипендияга ээ болушту.

Президенттик стипендиянын ыйгарылышы алардын эмгекчилдигин, жоопкерчилигин, лидерлик сапаттарын жана авиация тармагында жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыкты калыптандырууга болгон умтулуусун тастыктайт.

Студенттерибизди бул сыймыктуу жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктоо менен, кесиптик чеберчиликке жетүү жолунда мындан аркы ийгиликтерди жана чоң жетишкендиктерди каалайбыз!