И.Абдраев атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Кыргызстандагы орто кесиптик окуу жайлар арасындагы Спартакиадада 3-орунду алышты.

Спартакиада олимпиялык спорт түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды уюштуруучу «Жаштык» дирекциясы тарабынан өткөрүлдү.

Мелдештер республика боюнча колледждердин командаларын бириктирип, жеңил атлетика, стол тенниси, волейбол, футзал, шахмат жана тогуз коргоол сыяктуу спорттук дисциплиналарды камтыды. КАИден мелдешке 60ка жакын студент катышып, бардык спорт түрлөрүндө күч сынашты.

Жыйынтыгында КАИнин командасы өлкөдөгү мыкты үч команданын катарынан орун алып,  студенттердин спорттук дараметин дагы бир жолу тастыктады.

2025-жылдагы Спартакиада жаштардын өнүгүүсүнө, ден соолуктун чыңдалышына жана Кыргызстандын студенттери арасында спорттун популярдуулугун арттырууга багытталган иш-чара болуп калды.