И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери 2026-жылдын 15-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумунун алкагында өткөн «Этика, гуманизм жана глобалдык цивилизациялардын диалогу» аттуу жаш окумуштуулардын эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер гуманизм, адеп-ахлактык баалуулуктар, маданият жана Чыңгыз Айтматовдун идеяларынын адистерди даярдоонун заманбап багыттары менен байланышы тууралуу илимий баяндамаларын сунушташты:

• Казыбекова Калия — «Адамдык баалуулуктар жана жоопкерчилик: Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу авиация адистерин тарбиялоо» аттуу баяндама менен;

• Курсанова Даткайым — «Турбуленттүүлүк жана автопилоттун Ч. Айтматовдун чыгармалары менен байланышы» аттуу баяндама менен;

• Бостонбаева Арзуу — «Кыргыз элинин үйлөнүү үлпөт салттары (Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинин негизинде)» аттуу баяндама менен катышты.

Конференциянын жыйынтыгында бардык студенттер эл аралык конференциянын ишине активдүү катышканы үчүн сертификаттар менен сыйланышты.

Катышуучуларды жана алардын илимий жетекчиси Рысбекова Дилбара Акжоловнаны институттун атын татыктуу деңгээлде тааныштырып келгендиги менен куттуктап, илимий-изилдөө иштеринде мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!