24-ноябрдан 7-декабрга чейин Кыргыз авиациялык институтунун (КАИ) студенттери Россиянын үч алдыңкы университетинин базасында өткөн «Инженердик илимдер боюнча Кышкы университет» эл аралык долбооруна активдүү катышышты.
Долбоор Санкт-Петербург, Новгород жана Самара шаарларында өттү. Программага дүйнөнүн жакынкы жана алыскы өлкөлөрүнөн келген 600дөн ашык инженердик багыттагы студенттер катышып, тажрыйба алмашышты жана интенсивдүү окуу модулдарына катышышты.
С.П.Королёв атындагы Самара университетинин базасында 200гө жакын жаш инженерлер Армения, Беларус, Индия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Сербия, Тажикстан, Өзбекстан, Түштүк Африка жана Россиянын аймактарынан келген студенттер менен бирге орус жана англис тилдеринде окуу өткөрүштү.
Программанын негизги этабы – 22 эл аралык команда чыныгы инженердик кейстер боюнча иштешти. Эксперттик жюри мыкты үч команданы аныктады:
- «АУЭС» командасы – Айдын бетин изилдөө үчүн жылдыз навигация системасын иштеп чыгышты.
- «Пиропатрон» командасы – Арктиканы көзөмөлдөө жана курулуш объектилерин БПЛА менен текшерүү үчүн экономикалык чечимдерди сунушташты.
- «tVRBocAr» командасы – Айдын пайдубалын изилдөө жана минералдык ресурстарды табуу үчүн лунардык базанын долбоорун иштеп чыгышты.
«Кышкы университетке» катышуу Кыргыз авиациялык институтунун студенттерине профессионалдык көндүмдөрүн кеңейтүүгө гана эмес, инженердик жана технологиялык тармакта келечектеги долбоорлорго жана стартаптарга шыктанууга мүмкүнчүлүк берди.






