2025-жылдын 31-октябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун жарандык авиация факультетинин «Аба транспортунун кыймылын башкаруу» профили боюнча билим алып жаткан студенттери (ВДо-1-23 жана ВДо-1-24 топтору), өндүрүштүк окуунун алкагында «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасына таанышуу сапарына барышты.
Танышуу сабагын Бишкек аба кыймылын уюштуруу борборунун начальниги — Р. Чадаев өткөрдү.
Сабактын жүрүшүндө студенттер ишкананын төмөнкү бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты:
- медициналык кароодон өткөрүү пункту;
- метеорологиялык кызмат;
- аба кыймылын уюштуруу башкы борбору;
- диспетчердик пункт;
- аэронавигациялык мунара.
Р. Чадаев ар бир кызматтын милдеттери жана функциялары, ошондой эле алардын аба кыймылынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыздоодогу ролу жөнүндө кеңири маалымат берди.
Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик компетенцияларын калыптандырууга жана авиадиспетчер кесибине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.


